Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Жайлоодогу ыр кесе: Ноокаттыктар кезекти Таласка беришти (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда ыр кесе кечеси өтүп, кезек Талас облусуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов кабарчыга билдирген.

Ыр кесеге Ноокат районунун администрациясынан, өкмөттүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, Ош облусундагы райондордун акимдерди, айыл өкмөт башчылары жана 1 миңден ашуун тургундар катышты. Ыр кесе 10 номинация менен өтүп, ага катышкан облус аймагындагы ырчылар, манасчылар жана таланттуу жаштар элдин көңүлүн көтөрдү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында 10 боз үй тигилип, конокторго сый тамактар тартылды. Андан сырткары көргөзмөлөр жана концерттик программалар менен коштолуп, жыйынтыгында ыр кесенин кезеги салтанаттуу түрдө Талас облусуна берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1354
Көп окулду
×