Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 01.05.2018 15:00

Ноокатта жумуртка уруштуруу оюну уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-май — Эмгекчилердин майрамына карата Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жумуртка уруштуруу оюну уюштурулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, мындай Ноокат району боюнча Кырыз-Ата айыл өкмөтүндө гана белгиленет. Ага район аймагынан жүздөгөн адамдар катышты. Жумуртка уруштурууга келген конокторго атайын жай белгиленип, ал жерде тамактын түрлөрү бышырылып сатылат. Ага кошо оюн-зооктор, спорттук мелдештер өткөрүлөт.

«Бул майрам Кыргыз-Атада СССР мезгилинен бери белгиленип келет. Жыл сайын өткөрүлүп салтка айланган майрам болуп калган». - деди ал.

Оюнга катышуу үчүн жумурткаларды атайын ар кандай түстөргө боеп, сууга бышырып келүү керек. 2 адам жумурткаларын бири-бирине алды жагынан да арт жагынан да ургулайт. Кимдин жумурткасы 2 тарабынан тең сынып кетсе жеңилген болот. Утулуп калган адам сынып калган жумурткасын жеңүүчүгө берет.

Ушундай эле майрам Кадамжай районунун Тамаша айылында да белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×