Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн имаратында жыйындар залы ачылды

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн имаратында жыйындар залы ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бакыт Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, жыйындар залы имаратынын 2 кабатында ачылды. Анын курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом жумшалган. Анда видеопроектор, үн чоңойтуучу аппараттар, 100 кишиге ылайыкташкан отургучтар коюлда. Залда аксакалдар соту, жайыт комитети, спорт тармагы, элдин арыздары сыяктуу маселелер боюнча жыйынтар өткөрүлүп турмакчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Көп окулду
×