Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

«Эмаком Холдинг» курулуш компаниясы Таш-Булак айылындагы футбол аянтчасынын курулушуна 850 миң сом бөлдү (фото)

Turmush -  «Эмаком Холдинг» курулуш компаниясы жаштарды колдоо максатында Ноокат районунун Таш-Булак айылына кичи футбол аянтчасын куруп берди. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Эмил Жусупов билдирди.

Анын айтымында, 22-апрелде Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Таш-Булак айылына курулган кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.

«Мен курулуш компаниясы түзүлгөндөн бери жетектеп келем. Өзүм Кулатов айыл аймагынын Бекиев айылында туулуп өскөм. Кыргыз элинде "атанын уулу болуу урмат, элдин уулу болуу кымбат" деген сөз бар. Андыктан жаштарды кылмыштуулуктан алыстатып, спортко тартуу максатында өзүм тапкан каражаттан кичи футбол аянтчасынын курулушуна жардам берүү менин жана ар бир айыл тургунунун милдети деп эсептейм. Негизинен биздин максат кайсыл жерде болбойлу элге ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. Кичи футбол аянтчасынын курулушуна биз 850 миң сом бөлүп берсек, жергиликтүү бийликтен 900 миң сом жумшалды.

Мындан тышкары, ачылыш аземине арнап, айылдагы жаштарга турнир өткөрдүк. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле башка коңшу айылдарга да 2 кичи футбол аянтчасынын курулушуна колдоо көрсөтүүнү пландап жатабыз. Буюрса бул иштерди ишке ашырабыз. Бул айылдарга биринчи жолу спорттук аянтчалар курулуп жаткандыктан жергиликтүү эл абдан кубанычта болду. Келечекте айылдан жакшы, спортко белин байлаган жаштар тарбияланып чыгат деген ишеничтемин», - деди Эмил Жусупов.

Аталган компания Ош шаарында заманбап көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2074
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×