Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 23.04.2018 12:01

Ноокатта унаа сүзгөн 5 жаштагы бала ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 22-апрелде саат 18:00 чамасында Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Айбек айылында «Тойота Фораннер» унаасынын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул маалыматты ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кырсыктан жаракат алган бала ооруканага жеткирилип, сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Оорукананын маалыматына караганда, 2013-жылы туулган О.У. бетинен жаракат алып, муруну сынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×