Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Бостондо жигиттердин сабалышы: Алар жолуккан кызды мурда коркутуп жүрүшкөн

Turmush -  Ноокат районунун Бостон айылында сабалып каза болгон 32 жаштагы Гүлистан айылынын тургуну Ахмадулло Абдикадыров кызга жолугуу үчүн барган эмес. Бул тууралуу Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бостон айылында кызга жолугууга келди делген 2 жигит сабалып, бирөөсү (Розумухамад) жаракат алып, экинчиси (Ахмадулло) каза болгон (экөө эки башка учурда сабалган). Окуя боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө жаңы жайгдайлар ачыкка чыкты.

Окуянын чоо-жайы:

Ноокаттын Гүлистан айыл аймагына караштуу Бостон айылдагы 17 жаштагы Феруза (аты жөнү өзгөртүлдү) аттуу кызга ошол эле айылдын тургуну турмуш куруу максатында жуучу жиберет. Анын апасы кызын 18 жашка чыкканда турмушка берерин айтып каршы болот. Ага нараазы болгон жигит кызды ар кандай жолдор менен коркутууга ала баштайт.

27-март күнү Гүлистан айылынын 23 жаштагы тургуну Розумухамад апасынын «Бостон айылында жакшы кыз бар, ошону менен үйлөнүү максатында сүйлөшүп көр» дегенинен улам Бостон айылына барып, ал кызды жолугушууга чакырат. Бирок ал кыз сиңдиси менен кошо чыгат. Кыска сүйлөшүүдөн кийин кыздын «чоң атамдын үйүнө жеткирип кой» деген суранычы менен аны өзүнүн унаасында алып бара жатканда Бостон айылынын балдары токтотуп, баланы ур-токмокко алышат. Кызды дагы колу-бутун байлап, коркутууга алышкан.

Бул окуядан кийин кыз ыйлап, «Одноклассники» социалдык тармагы аркылуу ислам жолунда жүргөн жана жардамга муртаж болгон үй-бүлөлөргө жакындан жардам берип жүргөн Гүлистан айылынын тургуну 32 жаштагы тургуну Ахмадулло Абдикадыровго кайрылып, «мени коргой турган акелерим же атам жок, мени өзүбүздүн айылдагы балдар коркутуп жатат» деп арыз-муңун айтып жардам сураган. Мурдатан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип жүргөн Ахмадулло Бостон айылына барып, кыз менен кошо «сени ким коркутуп жатат» деп айылды аралап жүргөндө кызды коркутууга алган 3 бала менен жолугушуп калат. Ал жерден сүйлөшүп жатып, 3 бала менен мушташа кетет. Кызды үйүнө жиберип коюп, өзү 3 бала менен урушуп жатканда алар Ахмадуллонун башына таш менен уруп салышат. Бирок ага карабай 3 баланы уруп жатканда, алардын алы жетпей башка балдарды да чакырып, көпчүлүк болуп уруп коюшат. Сабалгандан кийин ошол эле 30-мартка караган түнү оор жаракаты менен ооруканага түшөт. Ооруканда 5-апрель күнү каза болуп калган. Анын артында 3 баласы калды.

Ахмадулло каза болуп калгандан кийин биринчи окуяны (Розумухамадды сабоо) видеого тарткан балдар Россияга иштегени кетишип, ошол жактан социалдык тармактарга таратып жиберишкен. Андан кийин эл тарабынан кызуу талкууга алынып, орган кызматкерлери бул ишти учурда тыкыр карап жаткан учуру.

Бул окуя тууралуу кыздын апасы Шахноза (ат-жөнү өзгөртүлдү) өз оюн билдирди.

«Кызым учурда оор абалда. Кызым эч качан жаман жүргөн эмес. Ал жаш кыз. Аталган балдар менен кызым айылдаш катары тааныш жана аке-карындаш катары эле тааныш. Бул окуялардан кийим өзүм да ооруп калдым. Бул жерде биздин айылдын балдары түшүнбөстүк кылып койду», - деди ал.

Окуя тууралуу: Биринчи сабалган Розумухамаддын окуясы:

Окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн.

Топ балдар жалгыз жигитти ур-тепкиге алганы видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукка белгилүү болгон.

Тurmush басылмасынын кабарчылары 9-апрелде жабырлануучу — Гүлистан айылынын 23 жаштагы тургуну Розумухамад менен маектешкен. Ал аёосуз кол салуунун себебин түшүнбөй жатканын айтып берген.

«Үйлөнүү максатында кыз издеп жүргөм. Бостон айылында жашаган кыз менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп жүрүп, ошол күнү биринчи жолу жолуктук эле. Ал менден автоунаа менен айтылган дарекке жеткирип коюуну суранды. Жолдо бара жатсак топ балдар токтотуп, сабап башташты. Колдорума тактай менен урушту. Мен окуядан кийин кайра өзүм барып, видеону интернетке жарыялабоону сурандым. Сүйлөшөлү десем да келбей коюшту. Мени сабагандардын бири Якутияга кетип, видеолорду ошол таратты.

Эми алар мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Туугандары кечирим сурап келип жатышат. Мен алардын мыйзам алдында жоопко тартылуусун каалайм. Мен видео тараганга чейин эркекчилик кылып эч кимге айткан эмесмин. Ал эми ошол айылда токмоктолуп каза болгон жигиттин окуясы менен менин сабалышымдын байланышы жок», - деген Розумухамад.

Анын жакындары чырга башка себептер болушу да мүмкүн экенин, ур-токмокко алгандардын арасындагы башкы шектүүлөр Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин белгилешкен.

Ошондой эле сабалган баланын бир туугандары ал бостондук кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтар чындыкка дал келбесин айтышкан. Розимухамаддын атасы Ахмаджон Азимов уулу окуяны жашырганын, ошол себептен милицияга убагында кайрылбаганын билдирген болчу.

Ахмадулло Абдикадыровдун өлүмү:

6-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Ноокат шаарынын Гүлистан аймагынын Бостон айылына барган 32 жаштагы адам жергиликтүү 2 жигит тарабынан сабалып, оор жаракаттын кесепетинен каза болгондугун кабарлаган.

Маалым болгондой, маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү 2 жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумган.

Бул окуяга шектүү катары Бостон айылынын 19-21 жаштагы 2 тургуну кармалып, сот аларды 1 айга убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган.

Бирок маркумдун атасы Анвар Абдикадыровдун айтымында, уулунун каза болушуна кыз менен жолуккандыгы себеп болгон эмес.

Анын айтымында, баласы 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында сабалып, 5-апрель күнү ооруканада каза болгон. Буга чейин анын өлүмүнө кыз менен жолуккандыгы себеп деген маалыматтар тараган.

«Балам 32 жашта болчу. Бойдок эмес, 3 баласы бар. Ал Бостон айылына кыз үчүн барган эмес. Баламды өтө катуу сабашкан. Бизге эмне себептен токмоктолгонун да айта албай кетти. Баламдын артынан ушул күнгө чейин бир да арыз түшкөн эмес. Анын өлүмүнүн башка бир сыры бар», - деген атасы.

Каза болгон Ахмадуллонун айылдаштары анын өлүмүнө башка себеп болушу мүмкүндүгүн, 29-март күнү Россияга учпай, аэропорттон артка кайтканын билдиришти. Ахмадулло ошол түнү Бостон айылына барып токмоктолгон.

Кийин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 32 жаштагы Ахмадулло Абдикадыровдун өлүмүнө, 23 жаштагы Розумухамаддын жана аны менен сүйлөшүп отурган кыздын сабалышына жалпы 15 бала шектелип, алардын жетөө убактылуу кармоочу жайга кармалып, үчөө үй камагына чыккандыгын кабарлаган. Калган 5 шектүүгө издөө жарыяланган

32 жаштагы А.Абдикадыровдун сабалышы боюнча алгач бейбашчылык боюнча иш козголуп, ооруканада каза болгондон кийин иш оор беренеге алмаштырылган. Ал эми кыз-жигиттин сабалышы боюнча бейбашчылык боюнча иш козголгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3332
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×