Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 18.04.2018 18:11

Кызды байлап, жигити катуу сабалган окуя: 2 адам күбө катары Россиядан алынып келинет

Turmush -  Ноокаттын Гүлүстан айыл аймагындагы Бостон айылына сүйлөшкөн кызына жолугуу үчүн барган жигитти жергиликтүү тургундар сабаган окуя боюнча күбө катары сурала турган 2 адам Россияда экени аныкталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жарандар Россияга иштөө максатында барышкан. Алар окуяга байланыштуу видеотасманы аталган өлкөдө интернетке таратып жиберишкен.

«Аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн милиция кызматкерлери жөнөп кетти. Аталган жарандар өлкөгө алынып келгенден кийин алгач күбө катары суралып, андан кийин укуктук баа берилет», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Окуя тууралуу:

Окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн. Учурда жабырлануучу дарыланып жатат.

Топ балдар жалгыз жигитти ур-тепкиге алганы видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукка белгилүү болду.

Turmush басылмасынын кабарчылары 9-апрелде жабырлануучу — Гүлистан айылынын 23 жаштагы тургуну Розумухамад менен маектешти. Ал аёосуз кол салуунун себебин түшүнбөй жатканын айтты.

«Үйлөнүү максатында кыз издеп жүргөм. Бостон айылында жашаган кыз менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп жүрүп, ошол күнү биринчи жолу жолуктук эле. Ал менден автоунаа менен айтылган дарекке жеткирип коюуну суранды. Жолдо баратсак топ балдар токтотуп, сабап башташты. Колдорума тактай менен урушту. Мен окуядан кийин кайра өзүм барып, видеону интернетке жарыялабоону сурандым. Сүйлөшөлү десем да келбей коюшту. Мени сабагандардын бири Якутияга кетип, видеолорду ошол таратты.

Эми алар мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Туугандары кечирим сурап келип жатышат. Мен алардын мыйзам алдында жоопко тартылуусун каалайм. Мен видео тараганга чейин эркекчилик кылып эч кимге айткан эмесмин. Ал эми ошол айылда токмоктолуп каза болгон жигиттин окуясы менен менин сабалышымдын байланышы жок», - деди Розумухамад.

Анын жакындары чырга башка себептер болушу да мүмкүн экенин, ур-токмокко алгандардын арасындагы башкы шектүүлөр Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин белгилешти. Ошондой эле сабалган баланын бир туугандары ал бостондук кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтар чындыкка дал келбесин айтышкан. Ал эми Розимухамаддын атасы Ахмаджон Азимов уулу окуяны жашырганын, ошол себептен милицияга убагында кайрылбаганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×