Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Т.Коңурбаев Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын башчылыгынан бошотулду

Turmush -  Милициянын полковниги Коңурбаев Таалайбек Жумаевич Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 11-апрелде ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кол койгон.

Т.Коңурбаев АКИpress агенттигине кайрылып, аны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрук мыйзамсыз экенин билдирди. Ал бул боюнча сотко кайрыла турганын кошумчалады.

Буга чейин Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Дубанаев кызматынан бошотулганы маалымдалган. ОИИБдин басма сөз кызматы Ноокат РИИБдин башчысынын милдетин убактылуу Жаныбек Исаев аткарып жатканын билдирген болчу.

Ноокат районунун Бостон айылында кызга жолугуу үчүн барган жигиттин сабалышы жана экинчи жигиттин каза болгондугу тууралуу окуянын иликтениши боюнча Ноокат РИИБдин башчысын, Ноокат РИИБнин тергөө кызматынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталган.

Ош ОИИБнин басма сөз кызматы аталган сунуш 10-апрель күнү Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин төрагалыгы астында кезексиз координациялык кеңеште айтылгандыгын кабарлаган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

06.04.2018Бостон айылына тааныш кызына барган жигитти сабап өлтүрүштү
06.04.2018«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Ноокаттык кызды жипке байлап, жигитин сабап кетишти (видео)
09.04.2018«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Кызды байлап, жигитин катуу сабаган 6 шектүү камакка алынды
09.04.2018АКИ-TV: Кыз менен жолугушууга барып, топ баладан токмоктолгон Розумухамад
10.04.2018Айылдан сабап өлтүрүштү: Кызга жолукканы үчүн өлтүрүлдү делген адамдын артында 3 баласы калды (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1304
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×