Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Жогорку Кеңештеги депутаттын үйүнөн уурдалган ок атуучу куралдар 4 айдан бери табылбай жатат, - милиция

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунда жайгашкан турак үйүнөн жоголгон ок атуучу 2 курал табыла элек.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты боюнча иликтөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы Жогорку Кеңештеги депутаттын турак үйүнөн ок атуучу 2 даана курал жоголгонун маалымдаган. Куралдар үйдө киши жок учурда уурдалган.

Кийинчерээк жоголгон куралдар Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновго таандык экени белгилүү болду. Бул маалыматты депутат өзү Turmush басылмасынын кабарчысына тастыктап, аңчылык кылуучу каралдар уурдалганын айткан.

«Айылдагы үйдө эч ким жок болчу. 4-январь күнү агам үйгө барса буюмдар чачылып жатыптыр. Уурулук жаңы жылга чейин болгон окшойт. Аңчылык кылган куралдардын лицензия, уруксат кагаздары бар. Башка буюмдардын уурдалганын тактап жатабыз», - деп билдирген депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 523
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×