Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Ноокаттагы оорукананын сел каптаган бөлүмүнүн имараты 52 млн сомго оңдолду (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагына караштуу Атамерек айылындагы оорукананын неврология бөлүмү 52 млн сомго оңдолуп, айланасы 350 миң сомго көрктөндүрүлдү. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди.

Анын айтымында, оорукананын неврология бөлүмү 1972-жылы курулган. 2011-жылы катуу жаандан улам сел ооруканага кирип, толук жараксыз абалга келген. Буга байланыштуу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 52 млн сом бөлүнүп, аталган бөлүм толук капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Оорукана тиешелүү жабдыктар жана аппараттар менен камсыздалды.

Ошондой эле учурда оорукананын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштерге 2017-2018-жылдар аралыгында 350 миң сом акча каражаты жумшалган. Аталган оорукана 45 орунга ылайыкталып, 30 дарыгер эмгектенет. Бирок анын расмий ачылышы боло элек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 960
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×