Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Ош облустук милициясы Бостон айылындагы окуялар боюнча 3 кылмыш иш козгоду

Turmush -  Ноокаттын Бостон айылында катталган окуялар боюнча Ош ОИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жабырлануучулар жана кылмышка шектүүлөр аныкталды.

Топтолгон материалдын негизинде 6-апрелде Ноокат РИИБдин тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен 2 кылмыш иши колголгон. Иликтөө учурунда окуя 27-март күнү болгондугу такталды. 27-март күнү болжол менен 14:30 чамасында Бостон айылынын 18 жаштагы тургуну (кыз) тааныш жигит менен жүргүнчү катары унаада менен Бостон айылына жеткенде ошол эле айылдын 1994-жылы туулган тургуну өзүнүн «Тойота-Марк Х» үлгүсүндөгү унаасы менен кысып токтоткон. Ал өзүнүн шериктери менен кызды өз унаасына зордоп салышып, Бостон айылынын эгин талаасына алып барышкан. Ал жерде уят сөздөр менен тилдеп, бутун аркан менен байлап, коркутушкан. Алар өздөрүнүн бул аракеттерин уюлдук телефонго тасмага тартышкан жана ал кызга бул аракеттери үчүн милицияга арыз жазбоону талап кылышкан. Эгерде арыз менен милицияга кайрылчу болсо тасма интернетке жайыларын эскертишкен.

Жыйналган материалдар 6-апрель күнү Ноокат РИИБде катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Кылмыш иш боюнча Ош ОИИБдин жана Ноокат РИИБдин тергөө кызматкерлеринен турган курамда тергөө тобу түзүлгөн. Кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган.

Алар:

1) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылынын 1991-жылы туулган тургуну М.А.

2) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Гүлстан айылынын 1992-жылы туулган тургуну А.М.

3) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылынын 1994-жылы туулган тургуну М.А.

4) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылынын 1998-жылы туулган тургуну М.А.

5) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылынын 1997-жылы туулган тургуну М.Х.

6) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Гүлстан айылынын 1998-жылы туулган тургуну М.Х.Р.

Аларга айыбы угузулуп, камакка алуу үчүн Ош шаардык сотуна өтүнүч келтирилген. Ош шаардык сотунун 9-апрелдеги токтому менен 1991-жылы туулган шектүү, 1992-жылы туулган шектүү жана 1994-жылы туулган шектүү 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган. Ал эми калган 3 шектүү үй камагына алынган.

Ошондой эле экинчи жабырлануучу — Ноокат районунун Гүлстан айылында 1995-жылы төрөлгөн Розхумухамад ур-тепкиге алынгандыгы боюнча укук коргоо органдарына кайрылбагандыгы белгилүү болду. Токмоктон алган жараттарын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган.

Алар:

1) Гүлстан айыл аймагынын Гүлстан айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.А.Р.

2) Гүлстан айыл аймагынын Гүлстан айылынын тургуну 1993-жылы туулган тургуну А.А.А.

3) Гүлстан айыл аймагынын Гүлстан айылынын тургуну 1992-жылы туулган тургуну.

4) Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылынын тургуну 1996-жылы туулган тургуну.

30-март күнү Ноокат райондук ооруканасына Бостон айылынын 1986-жылы туулган А.А. денесинен жарат алып оор абалда түшкөндүгү боюнча Ноокат РИИБге маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча Ноокат РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып төмөндөгүлөрдү аныкташкан:

30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Бостон айылынын 1986-жылы туулган А.А.ны ошол эле Бостон айылында белгисиз адамдар уруп денесине оор жарат келтиргендиги белгилүү болгон. Топтолгон материалдардын негизинде 31-март күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иш козголуп, жабырлануучунун жараатынын даражасын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аны сабоого шектелип Гүлстан айыл аймагындагы Бостон айылынын жашоочулары 1999-жылы туулган К.Ш.Н., 1997-жылы туулган А.Х.А кармалып, 2-апрель күнү Ноокат райондук соту тарабынан 1 айга камакка алынган.

Жабырлануучу 2018-жылдын 5-апрель күнү Ош облустук клиникалык ооруканасында каза болгон. Каза болгон себептерин аныктоо боюнча тийиштүү эксперизалар дайындалган. Ноокат районунун аймагында болгон окуялар боюнча жалпысынан 3 кылмыш иш козголуп, козголгон кылмыш иштер 2018-жылдын 7-апрель күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

10.04.2018Бостон айылындагы чыр: Кыз-жигитти сабаган 15 шектүү кармалды, - ОИИБ
10.04.2018Айылдан сабап өлтүрүштү: Кызга жолукканы үчүн өлтүрүлдү делген адамдын артында 3 баласы калды (фото)
09.04.2018АКИ-TV: Кыз менен жолугушууга барып, топ баладан токмоктолгон Розумухамад
09.04.2018«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Кызды байлап, жигитин катуу сабаган 6 шектүү камакка алынды
06.04.2018«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Ноокаттык кызды жипке байлап, жигитин сабап кетишти (видео)
06.04.2018Бостон айылына тааныш кызына барган жигитти сабап өлтүрүштү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1516
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×