Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.04.2018 13:02

Ноокаттагы окуяларга байланыштуу РИИБдин жетекчисин жана башка кызматкерлерди кызматтан алуу сунушталды

Turmush -  Ноокат районунун Бостон айылында кызга жолугуу үчүн барган жигиттин сабалышы жана экинчи жигиттин каза болгондугу тууралуу окуянын иликтениши боюнча Ноокат РИИБдин башчысын, Ноокат РИИБнин тергөө кызматынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталды.

Ош ОИИБнин басма сөз кызматы аталган сунуш кечээ, 10-апрель күнү Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин төрагалыгы астында кезексиз координациялык кеңеште айтылгандыгын кабарлады.

«30-март күнү Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылынын тургуну 1986-жылы төрөлгөн А.А белгисиз адамдар тарабынан сабалып, 5-апрель күнү каза болгон. Ошондой эле Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагындагы Бостон айылындагы 2000-жылы төрөлгөн кыздын жана ага жолугууга келген жигиттин сабалышы жөнүндөгү кылмыш иштеринин тергелиши боюнча ар бир кызматтырдын жоопкерчилиги каралды. Координациялык кеңешмеде аталган окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн бүтүмү талкууланып, координациялык кеңештин чечими менен Ноокат РИИБдин башчысын, Ноокат РИИБнин тергөө кызматынын жетекчисин, Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысын ээлеген кызматынан бошотуу жана Ноокат райондук прокуроруна жана анын орун басарына, Ноокат РИИБдин бир нече кызматкерлерине тартиптик жаза берүү жагы сунушталды. Жогоруда Ноокат аймагындагы болгон кылмыштарга байланыштуу козголгон кылмышка катышы бар адамдардын баарын аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу жагы талап кылынды», - деп айтылат маалыматта.

Координациялык кеңешмеге Ош ОИИБдин башчысы М.Боронов, Ноокат районунун акими Д.Маматалиев, Ноокат райондук прокуратура кызматкерлери, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, Гүлстан айылдык аймагын тейлеген Жаңы-Ноокат милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана айыл башчылары катышты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылына сүйгөн кызына жолугушууга барган жигитти топ бала сабап, ооруканага түшкөн.

Маалым болгондой, окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн.

Бул окуя видего тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле сабалган бала милицияга арыз менен кайрылган.

Учурда жабырлануучуну сабаган балдар кармалып, бейбаштык боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.

Андан мурда Ноокат шаарынын Гүлистан аймагынын Бостон айылына барган 32 жаштагы жаран жергиликтүү 2 жигит тарабынан сабалып, оор жаракаттын кесепетинен каза болгон болчу.

Маалым болгондой, маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү 2 жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан5-апрелде көз жумган.

Бул окуяга шектүү катары Бостон айылынын 19-21 жаштагы 2 тургуну кармалып, сот аларды 1 айга убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган. Алгач бейбаштык менен иш козголсо, жабырлануучу көз жумгандан кийин кылмыш ишти оор беренеге өзгөртүү каралып жаткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.04.2018Бостон айылындагы чыр: Кыз-жигитти сабаган 15 шектүү кармалды, - ОИИБ
10.04.2018Айылдан сабап өлтүрүштү: Кызга жолукканы үчүн өлтүрүлдү делген адамдын артында 3 баласы калды (фото)
09.04.2018АКИ-TV: Кыз менен жолугушууга барып, топ баладан токмоктолгон Розумухамад
09.04.2018«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Кызды байлап, жигитин катуу сабаган 6 шектүү камакка алынды
06.04.2018«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Ноокаттык кызды жипке байлап, жигитин сабап кетишти (видео)
06.04.2018Бостон айылына тааныш кызына барган жигитти сабап өлтүрүштү
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×