Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Эл ичи — өнөр кенчи: 27 жаштагы актер З.Турдубеков бала кезинде базардан картон, баштык чогултуп, бут кийим майлачу (видео, фото)

Turmush -  «Тамашоу» долбоорунда гамашчан орусча сүйлөп элди күлдүргөн Зияш Турдубеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында туулган. Учурда каскадёр, актер катары таанылган Зияш менен аймактык кабарчы таанышты.

Зияш Турдубеков өзүн кыргыздын Брюс Лиси деп эсептейт. Ал үй-бүлөдө 6 бир тууган. Азан чакырылып коюлган ысымы — Мухаммедзиямидин. Бирок өз атынан эч ким айтпайт. Кичинекейинде эле ата-энеси эркелетип Зияш деп чакырышып, ошол бойдон ушул ысым менен калган. Атасы Турдубек Чотоев 1960-жылы туулса, апасы Айганыш Жаманбаева 1963-жылы туулган.

«Балалык кезим Ноокатта өттү. 1-класста окуп жатканда "Ажыдаардын чыгышы" аттуу тасманы көрүп, ошол күндөн тарта Брюс Ли болуп чыга келдим. Фильмди көргөн күндүн эртеси мектепке барганда классташ балдарымдын баарын сабап, атаман болуп алгам. Өзүмдү эр сезип, улуу балдарга асылып, далай ирет токмок жедим. 6-класста окуп жатканда актёр тууралуу окуп калып, андай боло албасымды түшүндүм да, эркин күрөш менен машыга баштагам. Бала кездеги кыялым "Башаламан" тасмасын көргөндөн кийин кайра жанданды. Кинодон актер Адилет Акматовду көрүп, кыргыздын Жеки Чаны бар турбайбы, эмне үчүн кыргыз Брюс Лиси болбосун деп ойлодум. Адилет байкеге жолукканымда менин кыймыл-аракетимди байкап, "сенин чымының бар экен, каскадёр болсоң болот" деп шыктандырып койду. Азыр бул жаатта машыгып жүрөм, айрым тасмаларда дублёрдук кылып келем», - деди З.Турдубеков.

Каарманыбыз кыргыздын «Мачо», «Уктаткыч», «Алдамчы Жеки», «Салам Бишкек-2», «Гонщик таксист» жана башка тасмаларына тартылган.

«№77 орто мектепте 10-класста окучумун, гезиттен Эрмек Нурбаевдин "кыргызча тамаша ойногон балдарды чакырабыз" деген кулактандыруусун окуп калдым. Дароо эле телефон чалып, айткан дареги боюнча бардым. Эрмек байке "мурда ойнодуң беле?" деп сурады, жок десем албай коёт деп коркуп "ооба" деп койдум. Мектепке барып бул таланттуу, бул талантсыз дебей эле дос балдарымды алып чыгып, биринчи оюнда эле жакшы көрсөткүчкө ээ болгом.

Мектепти аяктагандан кийин атам уста болосуң деп Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшыртты. Ал окууга көңүлүм тартпай, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып алдым. Бир жыл окугандан кийин ал окуум да калды. Кийин режиссёрлукка кызыгып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшырдым. Аны да аяктаган жокмун. Мага студент болуу буюрбаса керек (күлүп). Учурда борбор калаабыздагы студиялардын биринде тасма, клиптерге монтаж жасап иштейм. Тамадалык кылып, той башкарам», - деди ал.

Зияш башынан өткөн кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Кызыктуу жана орчундуу окуялар көп болду. Биринчи классты аяктаган жылы үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келип, батирде жашап калдык. Атам курулушта, апам базарда иштеп калды. Апама жардам берип тамеки, жумуртка сата баштадым. Шуулдап тез эле товарымды өткөзүп жиберчүмүн. Кээде отура калып бут кийим майлачумун. "Бир бут беш, эки бут он, жылтыратыш беш сом" деп кардарларды чакырчумун. Үч жыл окубай базарда жүргөндөн кийин мени №1 гимназияга окууга беришти. Базарга барып, картон, пакет терип жүрдүм. Азыр ошол убактагы мени менен картон терген балдардын экөө ырчы болуп жүрүшөт. Кийин борбордогу Ак-Өргө жаңы конушуна үй куруп, №77 мектепте окуп, ошол жакта жашап калдык», - деди ал

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1801
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×