Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Айылдан сабап өлтүрүштү: Кызга жолукканы үчүн өлтүрүлдү делген адамдын артында 3 баласы калды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Бостон айылында 32 жаштагы Ахмадулло Абдикадыровдун сабалып каза болушуна кыз менен жолуккандыгы себеп болгон эмес. Бул тууралуу анын атасы Анвар Абдикадыров билдирди.

Анын айтымында, баласы 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында сабалып, 5-апрель күнү ооруканада каза болгон. Буга чейин анын өлүмүнө кыз менен жолуккандыгы себеп деген маалыматтар тараган.

«Балам 32 жашта болчу. Бойдок эмес, 3 баласы бар. Ал Бостон айылына кыз үчүн барган эмес. Баламды өтө катуу сабашкан. Бизге эмне себептен токмоктолгонун да айта албай кетти. Баламдын артынан ушул күнгө чейин бир да арыз түшкөн эмес. Анын өлүмүнүн башка бир сыры бар», - деди атасы.

Каза болгон Ахмадуллонун айылдаштары анын өлүмүнө башка себеп болушу мүмкүндүгүн, 29-март күнү Россияга учпай, аэропорттон артка кайтканын билдиришти. Ахмадулло ошол түнү Бостон айылына барып токмоктолгон.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 6-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Ноокат шаарынын Гүлистан аймагынын Бостон айылына барган 32 жаштагы адам жергиликтүү 2 жигит тарабынан сабалып, оор жаракаттын кесепетинен каза болгондугун кабарлаган.

Маалым болгондой, маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү 2 жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумган.

Бул окуяга шектүү катары Бостон айылынын 19-21 жаштагы 2 тургуну кармалып, сот аларды 1 айга убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган. Алгач бейбаштык менен кылмыш иш козголсо, жабырлануучу көз жумгандан кийин кылмыш ишти оор беренеге өзгөртүү каралып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17073
Көп окулду
×