Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

АКИ-TV: Кыз менен жолугушууга барып, топ баладан токмоктолгон Розумухамад

Turmush -  Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылындагы кыз-жигитке кол салган окшош окуялар Ош облустук тергөө бөлүмү тарабынан тергелип жатат. Мындай бейбаштыктын кесепетинен жабырлануучу жигиттердин бири көз жумса, экинчиси жаракат алды.

Turmush басылмасынын кабарчылары бүгүн, 9-апрелде жабырлануучу — Гүлистан айылынын 23 жаштагы тургуну Розумухамад менен маектешти. Ал аёосуз кол салуунун себебин түшүнбөй жатканын айтты.

«Үйлөнүү максатында кыз издеп жүргөм. Бостон айылында жашаган кыз менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп жүрүп, ошол күнү биринчи жолу жолуктук эле. Ал менден автоунаа менен айтылган дарекке жеткирип коюуну суранды. Жолдо баратсак топ балдар токтотуп, сабап башташты. Колдорума тактай менен урушту. Мен окуядан кийин кайра өзүм барып, видеону интернетке жарыялабоону сурандым. Сүйлөшөлү десем да келбей коюшту. Мени сабагандардын бири Якутияга кетип, видеолорду ошол таратты.

Эми алар мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Туугандары кечирим сурап келип жатышат. Мен алардын мыйзам алдында жоопко тартылуусун каалайм. Мен видео тараганга чейин эркекчилик кылып эч кимге айткан эмесмин. Ал эми ошол айылда токмоктолуп каза болгон жигиттин окуясы менен менин сабалышымдын байланышы жок», - деди Розумухамад.

Анын жакындары чырга башка себептер болушу да мүмкүн экенин, ур-токмокко алгандардын арасындагы башкы шектүүлөр Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин белгилешти. Ошондой эле сабалган баланын бир туугандары ал бостондук кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтар чындыкка дал келбесин айтышкан. Ал эми Розимухамаддын атасы Ахмаджон Азимов уулу окуяны жашырганын, ошол себептен милицияга убагында кайрылбаганын билдирди.

«Уулум сасык тумоо болуп калдым деп медициналык бет кап кийип келиптир. Үйдө 3-4 күн жатты. Кийин Бостон айылында башка бала сабалып өлтүрүлгөнүн уккандан кийин менин балам да ошол айылда сабалганын билдик. Алар мыйзам чегинде жоопко тартылуусу шарт», - деди атасы.

Бостон айылынын тургундары мындай үрөй учурган окуя биринчи жолу катталганын, чырдан толук кабары жоктугун айтышты.

Ош облустук милициясынын акыркы маалыматы боюнча, бул окуяга шектүү катары 6 жигит кармалып, убактылуу кормоочу жайга киргизилген. Учурда башка шектүүлөрдү кармоо аракеттери жана тергөө иштери улантылып жатат.

Окуя туралуу:

Окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн. Учурда жабырлануучу дарыланып жатат.

Топ балдар жалгыз жигитти ур-тепкиге алганы видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукка белгилүү болду.

Ушул эле айылда 30-мартка караган түнү ушундай окуя болуп, сүйгөн кызына жолугууга барган 32 жаштагы жаран айылдык эки жигиттин ур-токмогунан каза болду.

Маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү эки жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12563
Көп окулду
×