Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта күйүүчү май ташыган унааны сүзгөн жеңил унаанын аял айдоочусу жаракат алды (фото)

Turmush -  ОшНоокат автоунаа жолундагы Ноокат ашуусунда күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил унаа кагышты. Окуя бүгүн, 9-апрелде саат 11:30 чамасында болгонун күбөлөр кабарчыга билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май ташуучу автоунааны «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унааны башкарып бара жаткан аял жаракат алып, тез жардамга барган дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүштү.

Учурда кырсыктын чоо-жайын милиция кызматкерлери иликтеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 609
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×