Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Ноокаттык кызды жипке байлап, жигитин сабап кетишти (видео)

Turmush -  Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылына сүйгөн кызына жолугушууга барган жигитти топ бала сабап, ооруканага түштү. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түштү.

Бул окуя видего тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле сабалган бала милицияга арыз менен кайрылды.

Учурда жабырлануучуну сабаган балдар кармалып, бейбаштык боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.

Ушул эле айылда 30-мартка караган түнү ушундай окуя болуп, сүйгөн кызына жолугууга барган 32 жаштагы жаран айылдык эки жигиттин ур-токмогунан каза болду.

Маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү эки жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан кечээ, 5-апрелде көз жумду.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат, шектүүлөр камакта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 55447
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×