Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 04.04.2018 12:35

Ноокаттагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайлар тууралуу маалымат алышты (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылында кечээ, 3-апрелде 400 мектеп бүтүрүүчүсүнүн катышуусунда «Ар бир кесип ардактуу» аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жыйынга Ош шаарындагы 5 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү, ата-энелер жана окуучулар катышты. Анын жүрүшүндө окуу жайлар, андагы шарттар жана кесиптер боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ар бир бүтүрүүчүгө окуу жайлар тууралуу маалымат камтылган баракчалар таратылды.

Аталган жыйын бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоого түрткү берүү максатында уюштурулду. Мындан тышкары, жогорку билимге ээ болгондой кийин өз кесибин аркалабай, башка жерлерге жумуш издеп кеткен жаштарга туура жол көрсөтүү максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×