Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

«Тынчтык кербени» жаштарга боз үй тигүү, улуттук тамак-аштарды даярдоонун ыкмаларын үйрөтүп жатат

Turmush -  Ноокатта жаштардын дараметин арттыруу максатында «Тынчтык кербени» өткөрүлдү. Анын алкагында айылдагы жашы улуу устаттар, ар кандай кесиптин ээлери өздөрүнүн билгенин жаштарга үйрөтүштү, деп билдирди кабарчы.

«Жаш ниет» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нургүл Раеванын айтымында, «Тынчтык кербенине» 2 миңге чукул жергиликтүү тургундар катышууда.

«Биз атайын жаштардын дараметин арттыруу максатында Ош, Жалал-Абад облустарынан 27 аймакты тандап алганбыз. Иш-чара алгачкылардан болуп Ноокат районунда өттү. Анын алкагында жаштар өзүнө кызыктуу тармак боюнча кенен маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар. Атайын айыл имамдары, айылдагы мыкты кол өнөрчүлөр, ашпозчулар чогулуп, өздөрүнүн билгендерин жаштарга үйрөтүп жатышат. Мындан сырткары ар улуттун тамак-аштары да даярдалууда.

Жаштарга өмүрү жана ишмердүүлүгү өрнөк болгон инсандар да ийгиликке жетүүнүн сырларын айтып берүүдө. Ошону менен катар шахмат, футбол оюндары уюштурат», - деди Н.Раева.

Ал эми «Жашстан» долбоорунун жетекчиси Акылай Каримованын айтымында, жаштар сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк багыты боюнча да сабак алышат. Айылдагы жыгач усталар, чопо менен иштеген адистер да өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн жаштарга көрсөтүп берүүдө. Мындай саамалык апрель айына чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 412
Көп окулду
×