Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта мектептин пайдаланууга жарактуу имараты таштандыга толуп турат, - жергиликтүү депутат (фото)

Turmush -  Ноокаттын Он Эки-Бел айылындагы мектептин кароосуз калган имараты бала бакчага берилбей жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Бүзайнап Абдыкайымова билдирди.

Анын айтымында, эски мектептин имараты кароосуз калып, таштанды таштоочу жайга айланган.

«Айылдагы Каныбек Асранов атындагы мектептин имараты кароосуз калды. Ал мектеп 2013-жылы бошотулуп, окуучулар жаңы мектепке көчкөн. Эски имаратты бала бакчага берүү боюнча айылдык кеңештин токтому чыккан. Бирок айыл өкмөт мектептин имаратын бала бакчага берген жок. Имарат кароосуз калып, таштанды таштоочу жайга айланды, бак-дарактар да куурап жок болууда.

Айылда бала бакчада орун жетишсиз болуп, балдар мектепке чейинки билимди албай калышты. Мектептин имараты эмне себептен бала бакчага берилбей жатканы бизге бүдөмүк», - деди ал.

Айылдык кеңештин депутаты кошумчалагандай, мектептин имараты 8 ай ижарага берилип, бирок белгисиз себептерден улам айыл өкмөткө акча түшкөн эмес.

«Мектептин имараты жеке тарапка 8 ай ижарага берилген. Бирок аны пайдалангандар айыл өкмөткө акча төлөгөн эмес. Келишим боюнча ал айыл өкмөткө ай сайын 30 миң сомдон төлөшү керек болчу», - дейт депутат.

Ал эми айыл өкмөттүн башчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Маалым боогондой, айылда жалгыз бала бакча бар. Анда айылдагы балдардын 30 пайызына гана мектепке чийинки билим берилет.

К.Асранов мектебинин имараты 1972-жылы курулган, ал пайдаланууга жарактуу деп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 866
Көп окулду
×