Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ноокаттын Бостон айылында 10,5 млн сомго курулган спорт зал ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Бостон айылында 10 млн 500 миң сомго курулган спорт зал ачылды. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-мартта Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагына караштуу Бостон айылындагы Р.Хужамов атындагы орто мектебинде жаңы курулган спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев баштаган жетекчилер катышты.

Спорт залдын курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 10 млн 500 миң сом жумшалган. Бул спорттук жай район аймагында эң чоң спорт залдардын катарын толуктайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1466
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×