Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокаттын Борко айылында 400 орундуу мечит курулуп жатат (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Борко айылында 400 орундуу мечиттин курулушу башталды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 23-мартта Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылында 400 орундуу «Кыргыз-Ата» мечити демөөрчүлөр тарабынан курула баштаган. Ал заманбап типте курулуп, анда бардык шарттар түзүлөт.

Буга чейин жаңы курулуп жаткан мечиттин ордунда 1960-жылы ашар жолу менен курулган 100 орундуу эски мечит болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×