Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Географ мугалим Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 45 жаштагы Асылбек Айткулов шайланды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан маалымдашты.

17-март күнү Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн. Бул кызматка Абдырайым Бокубаев менен Асылбек Айткулов талапкер болуп, Асылбек Айткуловду айылдык кеңештеги депутаттар толугу менен колдоду. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгында 21 добуш менен алдыга чыккан. Ал эми Абдырайым Бокубаев бир да добуш алган эмес.

Асылбек Айткулов 1973-жылы Көк-Бел айылында туулган. Ал мындан мурда география сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Бүгүн, 23-мартта Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев жаңы айыл өкмөт башчыны жамаатка тааныштырды.

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Айткулов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 986
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×