Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ноокаттагы кафеде 19 жаштагы келин айылдашын бычактап өлтүрдү

Turmush -  Ноокат шаарындагы кафелердин биринде 18-мартта 1995-жылы туулган жигиттин бычакталган денеси табылган. Бул оор кылмышка шектелип 19 жаштагы келин кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум менен шектүү кафеде бирге иштеп жатышкан. Ошол күнү пияз тазалап жатканда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, келин маркумдун оң жак көкүрөгүнө бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумду.

Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен иш козголгонун кабарлады. Учурда шектүү келин камакка алынып, экспертиза дайындалды.

Маалым болгондой, шектүү менен маркум Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын тургундары болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4097
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×