Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта сайроочу чымчыктарды кармагандарга 18 миң сом айып салынды (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы Ата-Мерек адырынан сайроочу куштарды мыйзамсыз кармаган адамдар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кармалган 3 адам Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары болгон. Алардын ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынып, 60 чымчык үчүн 18 миң сом доо коюлду. Алар айып пулду 30-мартка чейин төлөп берүүгө милдеттүү. Ошондой эле, чымчыктар эркиндикке бошотула турганын айтышкан.

Мыйзамсыз иш 2018-жылдын 22-февралында тартылган видеотасма аркылуу ачыкка чыкты. Сайроочу куштар капаста турган видеону айыпталуучулардын айылдаштары тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 441
Көп окулду
×