Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта 20 жылдан бери оңдолбогон мектепти оңдолуп жатат

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 20 жылдан бери оңдолбогон Тажибай атындагы орто мектебинде оңдоп-түздөө иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп 1980-жылдары курулуп, акыркы 20 жылдан бери оңдолгон эмес. Учурда жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарбынан 500 миң сом каралып, капиталдык оңдоо иштери аткарылып жатат.

Мындан тышкары мектепте 1-4 класска чейинки окуучулар үчүн атайын орус классы ачылып, жалаң орус тилинде сабак өтүлүүдө. Бул орус классы орус тилин тереңдетип үйрөтүү үчүн ачылган. Ага ата-энелер өздөрү кызыктар болгондуктан учурда класстагы окуучулардын саны уулам көбөйүп, талаптагыдан ашып кетүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 715
Көп окулду
×