Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта көгүчкөн аткан 2 киши 21 миң сом айып пул төлөштү (фото)

Turmush -  Ноокат районунун аймагынан мыйзамсыз 10 баш көгүчкөн аткан жарандар 21 миң сом айып пул төлөштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагына караштуу Улуу-Тоо жайлоосунан 10 баш көгүчкөн аткан 2 киши март айынын башында кармалып, аларга жалпы 21 миң сом айып пул салынган. Бүгүнкү күндө аталган жарандар келтирилген зыяндын суммасын толук төлөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 798
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×