Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.03.2018 10:37

Бөрүлүү мезгил: Март айында Ноокатта 4 карышкыр, 2 чөө атылды

Turmush -  Ноокат районунда март айынын ичинде 4 карышкыр, 2 чөө атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Оштогу өкүлчүлүнүн алдындагы аңчы адис Төлөнбай Каримов билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун Апшыр-Ата жайлоосунан элдин малына кол салган 2 карышкырды Мавлян Кенжеев аттуу мергенчи атып өлтүрдү. Көк-Жар айыл аймагынан 2 карышкыр, 2 чөөнү Боронбай Матисманов атып өлтүргөн. Аталган адамдар бир нече жылдардан бери мергенчилик менен алектенишип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×