Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокаттагы унаа кырсыктан 4 адам жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 15-мартта Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылындагы унаа кырсыктан 4 адам жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, «Опель» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Одиссей» унаасы кагылышкан.

Жаракат алгандар:

- Т.Гулмира, 1995-жылы туулган. Ноокат районун Бел-Өрүк айылынын тургуну. Мээси чайкалган;

- К.Абыш, 1937-жылы туулган. Алай районунун тургуну. Кабыргасы сынган;

- К.Анипа, 1956-жылы туулган. Ош шаарынын тургуну. Ийини сынган;

- К.Акматали, 1959-жылы туулган. Ош шаарынын тургуну. Мээси чайкалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 481
Көп окулду
×