Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Ноокатта мамлекетке кызмат кылган эң сулуу кыздар күч сынашты. Жеңүүчү — 22 жаштагы Айдана (фото)

Turmush -  Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну Айдана Майсалбек кызы «Ноокат периси-2018» кароо-сынагынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.

Райадминистрациянын демилгеси менен Аялдардын эл аралык майрамына жана Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата улуттар аралык ынтымакты, достукту күчөтүү, жаштарды адептүүлүккө, патриоттуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо, гендердик саясатты өнүктүрүү, аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу максатында сынак уюштурулган. Ага 7 мамлекеттик мекеме-ишканадан кыз-келиндер катышып, жыйынтыгы чыгарылды.

Сынакта 1-орунга Ноокат аймактык ооруканасынын өкүлү Айдана Майсалбек кызы чыкты. «Ноокат периси 2018» наамын жеңип алган Айдана аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн мээрман айымы болуп 2 жылдан бери эмгектенип жатат.

Ал эми, 2-орунду «Барын» үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун кызматкери Элмира Асылбекова (21 жашта), 3-орунду Гүлина Сатыбалдиева (22 жашта) ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2392
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×