Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Равшанбек Мурзаев Ноокат райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Ноокат райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп Мурзаев Равшанбек Акматалиевич дайындалды. Ал жамаат менен бүгүн, 5-мартта таанышканын райондук администрациядан кабарлашты.

Р.Мурзаев буга чейин Ноокат райондук администрациясынын уюштуруу иштери боюнча сектор башчысы болуп эмгектенип келген. Буга чейин аталган кызматтын башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан 33 жаштагы Жапар Касымов 17-январда оорудан көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 714
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×