Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 6 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 2-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы турак үйдөн өрт чыкты. Өрт учурунда 81 чарчы метр чатыры, сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп жана 200 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле, жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн улам Токмоктогу турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 10 чарчы метр чатыры күйдү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 523
Көп окулду
×