Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ноокаттын аймагында жер титирөө катталды

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунун аймагында кечээ, 28-февралда саат 23:27де жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогундагы күчү 4 баллга жеткен.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Көк-Жар айылынан түндүк-чыгышка 7 чакырымда, Найман айылынан түндүк-чыгышка 8 чакырымда, Фрунзе айылынан түндүк-батышка 15 чакырымда, Кызыл-Коргон айылынан түштүк-батышка 15 чакырымда, Кызыл-Кыя шаарынан түндүк-чыгышка 25 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-батышка 40 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Найман, Көк-Жар, Бел, Борбаш, Кызыл-Коргон, Кожо-Арык айылдарында 3,5 баллга, Кызыл-Кыя, Кара-Таш, Ноокат, Коммунизм айылдарында 3 баллга, Араван, Чаувай, Ошто 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 976
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×