
Turmush - Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтү 2 банк менен келишим түздү. Анын негизинде айыл өкмөттүн имаратында орнотулган терминал менен банкоматты пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мындан ары жашоочулар айылдан эле пенсия, жөлөк пул, айлык маяна алып, салык төлөмдөрдү төлөй алышат, деп белгилешти айыл өкмөттүн кызматкерлери.
«Буга чейин Кыргыз-Ата айыл аймагынын 22 миң эли Ноокат районунун борборуна жол кире коротуп барып, банктарда кезек күтүү менен пенсия, жөлөк пул, айлык акы алып турушчу. Бүгүнкү күндө бул көйгөйлөр чечилди», - деп айтылат айыл өкмөттүн билдирүүсүндө.