Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

«Мекендештер»: Россияда иштеген Д.Абсатаров ыр жазып, китеп чыгарууга даярданууда (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кулатов айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган Дамир Абсатаров учурда Москва шаарында иштеп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дамир Абсатаров үйдө төрт бир туугандын улуусу. Атасы Нурмамат Абсатаров 55 жашта, убагында айылдагы Т.Айбашев атындагы орто мектепте орус тили мугалими болуп иштеп, эс алууга чыккан. Ал эми апасы Малика Рахманкулова 50 жашта, аталган мектепте химия жана биология сабагынын мугалими болуп, мектептин директорлук кызматына көтөрүлүп иштеген. Учурда Ош шаарындагы мекемелердин биринде эмгектенет.

Дамир бала кезден таланттуу жана чыйрак бала болуп, сүрөт тартууну мектептен эле баштаган. Айылдагы Т.Айбашев орто мектебинде 9-класска чейин окуп, андан соң сүрөт өнөрүн аркалоо үчүн 2005-жылы Ноокаттагы Т.Садыков атындагы сүрөт академиясынын алдындагы сүрөт көркөм-эстетикалык гимназиясына тапшырып, дизайн бөлүмүн 2007-жылы аяктаган. Ушул эле жылы жогорку билим алуу үчүн Бишкектеги сүрөт академиясынын көргөм өнөр менен жасалгалоо боюнча дизайнер факультетине тапшырып, 5 жыл билим алган. Студент кезде эле шаардагы соода жайларынан, кафе, окуу жайлардан буйрутма алып иштеген.

«Ошентип 2013-жылы дагы бир дипломдун ээси болуу үчүн Москва шаарына келгем. Архитектуралык окуу жайга тапшырайын дегем, шартка байланыштуу окубай иштеп калгам. Алгач Москвада кыйынчылыктар болбой койгон жок. Ар кандай жумуштарда жүрдүм. Курьер, жарнама, сүрөт тартуу жана башка иштерди кылдым. Азыр бир жерде иштеп калдым десем болот. Алган маянам айына 60 миң рубль. Ал жакта иштен сырткары портретке сүрөт тартып буйрутмаларга чыгам. Андан сырткары өзүм ыр, чыгармаларды жазам. Көбүнчө жашоо, турмуш, окуяларга жана патриоттук сезимдерге байланыштуу ырлар», - деди Д.Абсатаров.

Ал учурда «Москва кайрыктары» адабий клубунда да эмгектенет.

«Кудай буюрса, Москвадан чогулткан тажрыйбаларым Кыргызстанга чоң пайдасы тиет деген үмүттөмүн. Учурда "Москва кайрыктары" адабий клубунда да эмгектенем. Адабий клубда көптөгөн үлгүлүү агай, эжелер бар. Көпчүлүк жаштар өздөрүнүн чыгармаларын китеп кылып чыгарышууда. Өзүмдүн ырларым 200дөй болуп калды. Ошондуктан жакында китеп кылып чыгарсам деп турам.

Үй-бүлөдө баарыбыз таланттуубуз десем болот. Ыраматылык таятам Тагай Рахманкулов акын жана сүрөтчү болгон. "Мен адаммын элим менен" аттуу ыр жыйнагы чыккан. Атам да сүрөтчү, мектепте көптөгөн иштерди жасады. Апам да ыр жазат, сүрөтчү. 3 карындашым бар. Алар да ыр жазышат жана сүрөт тартышат», - деди Д.Абсатаров.

Элиме дуба керек

Жазганым анча эместир, сөздүр бир жөн,
Антсе да, кызыктырар кимдир бирөө.
Көптөн бери, бир нерсеге алымсынбай,
Баарына үнүм жетпей кейип жүрөм.
Өлбөстүн айласын издеп жүргөн,
Дили ыйлап, калп эле сырттан күлгөн.
Ааламдан жашоо издеп көнгөн элим,
Кетпечи, коломтолуу түндүгүңдөн!
Көп экен жерибизге көзү күйгөн,
Сугунган, ойлоручу түрлүү-түмөн.
Бейишке тете болгон мекенимди,
Коркомун, алдырып күйгөнүмдөн!
Сен дагы, мен дагы четте жүрөм,
Түсүбүз башкага окшош бир өң.
Жибинен үзүлгөн мончоктордой,
Чачылбай үйүңөкелчи бирөөң!
Мекенге чептер керек күчтүүсүнөн,
Мекенчил кайтпаган түптүүсүнөн.
Суюлуп арабыз бара жатса,
Элибиз эркин деп, кантип күлөм!
Төрөлүшкөн алдейлер бөбөгүнөн,
Ажырашып энелердин өбөгүнөн.
Апалар Россиялап, бала калып,
Мээр көрбөй бетер болду көрдөгүдөн.
Журтташым кыйналбачы, эмне күнөө,
Илгери барктуу элек бүгүнкүдөн.
Биз күткөн эгемендик ушул беле,
Тентиген күндү дагы канча сүрөм!
Мекендин жарык нурун, күндөрүнөн,
Көрбөстөн өтүп жатса чиркин көөдөн.
Журтташым кайт элиңе, топ бололу,
Кылбайлык жер эненин жүзүн күл өң!
Аллахым бизди кечир болсо күнөө,
Туш-тушка кетиппиз кууп дүнүйө.
Элибизге дуба керек, тынчтык үчүн,
Журтташым кайт мекенге, өнүгүүгө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1828
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×