Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 17.01.2018 09:28

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы эл алыстан эшек менен суу ташып келбей калышты

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүүдө. Айыл өкмөттүн башчысы Бакытбек Мариповдун айтымында, учурда айыл өкмөттөгү 4 миң кожолуктагы 20 миң адам таза суу менен камсыз кылынууда.

Андан тышкары 7 мектеп, 6 бала бакча, 2 ФАП, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, №54 кесиптик лицей, 20 мечит, 2 медресе, 4 маданият үйү, музыкалык окуу жай, бассейн, 5 коомдук мончо, спорт комплекс жана башка ишканаларда суу үзгүлтүксүз берилет. Таза суу тартууга АРИС тарабынан 350 млн сом бөлүнүп, быйыл долбоорду толук аяктоо пландалып жатат. Учурда жумуштун 40 пайызы аткарылган.

Буга чейин таза суу жоктугунан мектеп, бала бакчаларда сарык жана ич келте ооруларына чалдыккан балдар болгон. Эл алыскы айылдардан таза сууну ат-эшектер менен ташып, бир топ убара тартып келишкен эле. Ал эми, коомдук мончолор жабылып турган. Учурда таза суу жеткен айрым турак үйлөрдүн ичине чейин аристон, жуунучу жай жана кир жуучу машиналар (автомат) орнотулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×