Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 16.01.2018 17:28

Ноокаттагы жол кырсыктан 11 адам жаракат алды (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 16-январда Ош—Ноокат жолунда унаа кырсык болуп, 11 адам ар кандай деңгээлде жаракат алды. Окуя Алмалык айылынын аймагында болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркаган адамдар Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Алардын ичинен 3 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 8 жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү 7 орундуу унаа кагышкан. «Эстима» үлгүсүндөгү автоунаадан 7 адам, экинчи унаадан 4 адам жаракат алды.

Жабыркагандар:

- 2006-жылы туулган А.Нурматова (травматология бөлүмүндө);

- 1999-жылы туулган М.Абдумомунова (абалы оор);

- 1966-жылы туулган Г.Эшбаева (травматология бөлүмүндө);

- 1965-жылы туулган Э.Атабаев (травматология бөлүмүндө);

- 1960-жылы туулган Т.Маматкадыров (травматология бөлүмүндө);

- 1984-жылы туулган А.Жолдошов (травматология бөлүмүндө);

- 1973-жылы туулган С.Пузуров (травматология бөлүмүндө);

- 1992-жылы туулган М. уулу Ш. (травматология бөлүмүндө);

- 1973-жылы туулган А.Сабранбаева (амбулатордук жардам алган);

- 1964-жылы туулган А.Орозбаев (амбулатордук жардам алган);

- 1982-жылы туулган Д.Саткинова (амбулатордук жардам алган).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×