Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.01.2018 09:08

Ноокат шаардык мэриясы 1,5 млн сомдук көтөргүч унаа сатып алды

Turmush -  2018-жылдын башында Ноокат шаардык мэриясы тарабынан «Ноокат коммуналдык ишканасына» атайын көтөргүч «Мерседец-Бенс» үлгүсүндөгү автоунаа алынды. Бул унаа шаар аймагындагы бир топ көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Ишкананын жетекчиси Н.Абдурахманов жаңы унаа шаарда жарнамаларды илгенге, таштандыларды ташыган автоунааларга таштанды жүктөөгө, дарактарды бутоого жана башка жумуштарга кызмат көрсөтөрүн кошумчалады. Жаңы техника үчүн шаардык бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×