Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

«Шербетке уйкунун дарысын кошуп коюшкан»: Иш бөлмөсүндө уктап жаткан жетекчи кызматтан алынды

Turmush -  Мамлекеттик статистика комитети жүргүзгөн кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчылары ээлеген кызматынан бошотулду. Бүгүн, 10-январда маалым болгондой, райондук статистика бөлүмүн мындан ары Расулбек Ташов жетектебейт.

Расулбек Ташов

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 6-пунктунун негизинде (эмгек эрежесин одоно бузуу) кабыл алынган.

Ошондой эле, Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шайырбек Арапов Нурматович кызматтан бошотулду.

Окуя тууралуу:

Ноокат районундагы мамлекеттик имаратта жумуш учурунда мас абалда отурган мамлекеттик кызматкерлер тартылган видеого байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлдү. Буга чейин бул окуя Ноокат РИИБде болгону социалдык тармактарга тараган эле. Кийинчерээк видеодогу адамдардын Ноокат РИИБге тиешеси жок экени маалым болду.

Чуулуу тасма тууралуу Расулбек Ташов пикирин билдирип, атайын каралоо болгонун айткан. Анын айтымында, видеотасмага өзү жана Болот аттуу таанышы тартылган.

«Бул окуя президенттик шайлоонун эртеси — 2017-жылдын 16-октябрында болушу мүмкүн. Ал күнү Болот экөөбүз иш убактан тышкары шербет ичкенбиз. Шербетке кимдир бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп коюшуп, биз уктап калыптырбыз. Муну атайын каралоо максатында уюштурушкан. Эртеси күнү ооруканага да кайрылгам. Ноокат РИИБдин башчысы ал жерде жок болчу. Кимдир бирөөгө менин кызмат ордум керек болуп жатат окшойт», - деди Р.Ташов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9764
Көп окулду
×