Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Биздин шербетке уйкунун дарысын кошуп коюп, атайын видеого тартышкан, - статистика бөлүмүнүн башчысы

Turmush -  Ноокат районундагы мамлекеттик имаратта жумуш учурунда мас абалда отурган мамлекеттик кызматкерлер тартылган видеого байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлдү. Буга чейин бул окуя Ноокат РИИБде болгону социалдык тармактарга тараган эле. Кийинчерээк видеодогу адамдардын Ноокат РИИБге тиешеси жок экени маалым болду.

Чуулуу тасма тууралуу Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов пикирин билдирип, атайын каралоо болгонун айтууда. Анын айтымында, видеотасмага өзү жана Болот аттуу таанышы тартылган.

«Бул окуя президенттик шайлоонун эртеси — 2017-жылдын 16-октябрында болушу мүмкүн. Ал күнү Болот экөөбүз иш убактан тышкары шербет ичкенбиз. Шербетке кимдир бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп коюшуп, биз уктап калыптырбыз. Муну атайын каралоо максатында уюштурушкан. Эртеси күнү ооруканага да кайрылгам. Ноокат РИИБдин башчысы ал жерде жок болчу. Кимдир бирөөгө менин кызмат ордум керек болуп жатат окшойт», - деди Р.Ташов.

Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери башталганын Мамлекеттик статистика кызматынан маалымдашты.

«Ноокат райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин иш бөлмөсүндө эки киши спирт ичимдиктерин ичип жаткан учурда тартылган видеотасмага байланыштуу кызматтык териштирүү иштери башталды. Учурда бардык жагдайлар такталып жатат», - деп айтылат ведомствонун маалыматында.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11989
Көп окулду
×