Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ноокатта 2884 адам жумушсуз деп катталып, жармаңкеде 136 орун сунушталды

Turmush -  Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу максатында Ноокат райондук администрациясы бош жумуш орундарынын жармаңкесин өткөрдү. Ага акимдин орун басары Н.Козуев, райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактардын башчылары, ошондой эле райондун аймагындагы №54, №58 кесиптик окуу жайлардын жетекчилери, студенттери, жумушсуздар катышты. Анын алкагында бардык иш берүүчүлөр өздөрүндө болгон иш орундар боюнча маалыматтарды жайгаштырышып, суроолорго жооп беришти.

Район боюнча жумуш издеп 2884 адам кайрылган. Жармаңкеде райондун аймагында ар түрдүү кесиптердеги 136 бош жумуш орундар боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Андан сырткары кесиптик окуу жайлардын жетекчилери жаштарды кесиптик билим алууга чакырышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1407
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×