
Turmush - Ноокат районунун 1965-жылы туулган тургуну «Хендай Старекс» унаасын жердешине сатып, 4 айдан бери акчасын ала албай убара. Ал жардам сурап милицияга кайрылды.
Арызда айтылгандай, унааны 184 миң сомго баалаган. Учурда Ноокат РИИБ бул иш боюнча териштирүү иштерин баштады.