Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Камсыздандыруу уюуму 5 бөлмөлүү үйү толугу менен өрттөнгөн ноокаттык үй-бүлөгө 500 миң сом берди

Turmush -  Ноокат районунда 5 бөлмөлүү үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК тарабынан 500 миң сом берилди. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Түркбаев Нурбекке таандык үй мындан 15 күн мурун толугу менен өрттөнгөн.

Учурда бул үй-бүлө 3 баласы менен өз атасынын үйүндө күн кечирип жатат. Бактыга жараша ал үйүн быйыл мугалим жубайы аркылуу камсыздандырганын айтты.

Өрт кырсыгынан кийин айылдаштарынын жардамы менен ашар жолу аркылуу үйдүн дубалын тургузуп, чатырын жапканга жетишти. Эми үйдүн эшик-терезелерин, полун орнотуу иштери калган.

Жабыркаган үй-бүлөгө 500 миң сомду «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» жетекчиси Жумагүл Эгамбердиева менен район акими Давранбек Маматалиев тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1198
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×