Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 19-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы мал сарайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен 36 чарчы метр чатыры, 80 түк чөп жана 200 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле, электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылындагы «Тогуз Булак» лыжа базасында аянты 80 чарчы метр жыгач коттедж өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 759
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×