Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 18.12.2017 12:52

Ноокатта 4 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

Turmush -  Ноокатта 4 жаштагы баланы «Хендай Портер» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, ооруканага жаткырылды. Окуя 16-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бостон айылында болгон.

Анын кесепетинен денесинен жаракат алган бала Ноокат аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатканын дарыгерлер аймактык кабарчыга билдиришти. Ал эми, автоунаа Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургунуна таандык болгон.

Учурда баланын абалы туруктуу. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×