Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 14.12.2017 18:50

«Кыргыз Мунай» май куюучу пунктунан 150 миң сом тоноп кетишти

Turmush -  Ноокат районундагы «Кыргыз Мунай» май куюучу пунктунда каракчылык болуп, кассадагы 150 миң сомдон ашык акчаны белгисиз адамдар алып кетишти. Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, уурулар кечээ, 13-декабрда кол салышкан.

Белгисиз адамдар май куюучу жайдагы терезени сындырып кирип, эки жумушчуну (жубайлар) коркутууга алышкан. Бул факты боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча «Кыргыз Мунай» ЖЧКнын түзүүчүсү — Акматалиева Эзел Нурлановна жана Абышкаев Данияр Молдокунович.

Жетекчиси — Ашимов Майрамбек Абдираимович.

Ишкананын негизги ишмердүүлүгү — таза нефти продуктуларын өндүрүү. «Кыргыз Мунай» ЖЧКсы 2012-жылдын 16-июлунда кайрадан каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×