Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ош

Башкы прокурор И.Жолдубаева: Өспүрүмдөрдү зордуктоо эң көп Ноокатта катталды

Turmush -  Өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлгөн талдоонун негизинде жашы жете электерди зордуктоо эң көп Ош облусунун Ноокат районунда катталганы аныкталды. Бул тууралуу 13-декабрда коррупцияга каршы координациялык кеңеште башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча Ош облустук прокуратурасына тапшырма берди.

Ошондой эле, И.Жолдубаева ички иштер министри Улан Исраиловго : "ИИМдин бардык күчтөрүн тартууну суранам. Бирок биз алгач аталган аймакта эмне себептен мындай көрсөткүч болуп жатканын аныкташыбыз керек», - деп кайрылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1658
Көп окулду
×