Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ноокатта өлүү бала төрөгөн окуучу кыз менен жыныстык катнашта болгон жигит кармалды

Turmush -  Ноокат районунда 10-класстагы окуучу кыз 6 айлык өлүү бала төрөгөнү маалымдалган. Өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган деген айып менен 17 жаштагы бала кармалды.

Шектүү мектепти өткөн жылы аяктаган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси боюнча иш козголуп, камакка алынды. Шектүү жигит менен окуучу кыз бир айылдын тургундары. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул кырдаал боюнча 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берген.

Маалым болгондой, окуучу кыз 5-декабрда Ноокат райондук ооруканага жеткирилип, өлүү бала төрөгөн. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн октябрда медицина кызматкерлери врач-гинеколог Бегай Абдрахманованын жетекчилигинде окуучуларды медициналык кароодон өткөрүшүп, алардын арасында аталган кыз да болгонун маалымдашты. Өспүрүм кыздын кош бойлуу экенин мектепте эч ким билген эмес.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдер окуучунун боюнда бар экенин билишкен эмес, аларга ооруканадан телефон чалышканда гана билип, абдан таң калышкан. Педагогдор окуучуга «акылдуу, жоош жана эмгекчил» деп мүнөздөмө берүүдө.

«Ал жалаң «5» жана «4» деген бааларга окуйт. Дайыма мектептен тышкаркы иш-чараларга активдүү катышат. Такыр сабак калтырчу эмес. Болгону 30-ноябрда жана 1-декабрда ал мектепке келген жок. Апасынын айтымында, ал өзүн жаман сезген. Бирок ошондон кийин ал дайымкыдай эле сабактарга катышып жаткан», - деп айтышты мектептен.

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, кыз апасы, чоң энеси жана чоң атасы менен жашайт, атасы Россияда 2 жылдан бери иштеп жүрөт. Ошондой эле, мектепте эрте бойго бүтүүнүн жана эрте жыныстык байланыштын терс натыйжалары тууралуу профилактикалык лекциялар өтүлгөнүн белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2553
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×