Маалыматка караганда, Күнгөй-Кожеке айылынын 95 жаштагы тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Кадыр Чоңмуруновго жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом берилди. Сыйлыкты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 25-ноябрда тапшырды. Акча аксакалга унаа алып берүү үчүн тапшырылды.
Ушул жылдын август айында дагы бир 91 жаштагы ардагер Абсамат Сулаймановго КРнын өкмөтү колдоо иретинде 100 миң берген болчу. Учурда Н. Исанов айыл аймагында согуштун 2 ардеги калган.