Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ноокаттын Кара-Таш айылында дагы бир ФАП ачылды

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт кызмат көрсөтүп баштады. 23-ноябрдагы ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, район акими Давранбек Маматалиев, Катардын кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү, «Барын» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Абдырахман Абдуллаев, айыл өкмөттөр жана жергиликтүү тургундар катышкан.

ФАПтын курулушуна кайрымдуулук уюм тарабынан 2 млн 500 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен жана тургундар тарабынан 390 миң сом берилген. Буга чейин бул айылда 2011-жылы ачылган ФАП иштеп жаткан. Бирок калктын саны көп болгондуктан кошумча имарат куруу муктаждыгы жаралган эле.

Учурда Кара-Таш айыл аймагында 9 миңден ашык адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1633
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×